
Айылдын кире беришинде блокпосттор орнотулуп, кирип-чыккан ар бир унаа тыкыр текшерилүүдө. Ал жактан сүт, эт жана мал алып чыгууга тыюу салынды.
Күйдүргү илдети айылдын 3 тургунунан аныкталгандыгын жергиликтүү басылмалар жазды. Жергиликтүү акимчилик бейтаптардын абалы жакшы экенин, кийинки жумада үйлөрүнө чыгарын билдирди.




