Коом
Ысык-Көлдө «Ууру» операциясы өттү

23-февралдан 24-февралга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында «ууру»аттуу ыкчам-издөө жана профилактикалык иш-чаралар комплекси болуп өттү.
Иш-чара кылмыштарга бөгөт коюуга, криминогендик абалды жакшыртууга, башкалардын мүлкүн уурдоого адистешкен кылмыштуу топторду аныктоого багытталган. Мындан тышкары, уурдалган мүлктү сатуу менен алектенген адамдарды аныктоо боюнча иштер да жүргүзүлдү.
Операциянын алкагында калк арасында менчикке болгон кылмыштуу кол салуулардан коргоо ыкмалары тууралуу дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп кетти.
«Ууру» операциясынын эки күндүк жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери тарабынан мурда катталган 12 кылмыштын бетин ачууга үлгүрүштү, анын ичинде 10 учуру бирөөнүн мүлкүн уурдоо болуп саналат.




