КоомСпорт

Оман менен болгон беттеште Кыргыз улуттук курамасы утулуп калды

Бүгүн, 20-июнь күнү CAFA Nations Cup 2023 эл аралык мелдешинин коло медалдары үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы Оманга каршы ойноду.Беттештин биринчи бөлүгү голсуз жана тең күрөштө өттү. Экинчи таймда Тарковичтиноюнчулары атаандаштын дарбазасында көптөгөн кооптуу учурларды жаратышты. Оман курамасы сейрек чабуулдардын биринде оюн эсебин ача алды. Беттештин 71′ мөөнөтүндө омандык жарым коргоочу Аршад Аль Аляви гол киргизди. Ошентип, Кыргыз Республикасынын курамасы CAFA Nations Cup мелдешинде төртүнчү орунду ээледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button