Коом
«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы бул ирет өзгөчө ыкма менен өткөрүлөт

Башкача айтканда, байгелер мурдагыдай 1 эмес, 6 күн бою ойнотулат. 26-июндан 30-июнга чейин Салык кызматынын интернеттеги баракчаларында күн сайын 234 жеңүүчүдөн аныкталат.
Ал эми негизги иш-чара 1-июлда «Ала-Тоо» аянтында өтүп, анда супер байгелер – 10 электромобиль жана Дубайга жолдомолор ээсин табат.



