Коом

Коюу тумандан улам «Манас» аэропортуна кончу 15 учак башка шаарларга жөнөтүлдү

Бүгүн эртең менен коюу тумандан улам «Манас» аэропортуна келе жаткан 15 учак башка шаарларга жөнөтүлдү. Бул тууралуу аэропорттон кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 учак Ысык-Көл эл аралык аэропортуна, 3 учак Ташкентке, бешөө Алматыга жөнөтүлгөн.

«Болжол менен 08:30дарга карата абал турукташып, учурда учуп-конуу үчүн аэропорт толук ачылды. Башка шаарларга жөнөтүлгөн каттамдар Бишкекке кайтууда», — деп билдиришти аэропорттон.

Тектеш кабарлар

Back to top button