Коом
Россия Кыргызстандын балык жана сүт азыктарына коюлган чектөөлөрдү алат
Бирок бул чечим кыргыз ишканаларынын бардыгына эмес, айрымдарына гана тиешелүү.
КР Айыл чарба министрлиги менен Россельхознадзор мекемесинин онлайн жолугушуусу учурунда кыргыз тарап эреже бузуулар четтетилгенин айтты. Ал эми Россия тарап кыргызстандык бир нече ишканадан кайрадан товар ала баштоого даяр экенин тастыктады.
Учурда Россия тараптын расмий макулдугу күтүлүп жатат.
Эске салсак, Россия ушул жылдын февраль айында Кыргызстандан балык, апрелде сүт азыктарын алуудан баш тарткан.



