Коом
2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган ишкерлердин бюджеттик кредиттеринин баары жоюлду

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан май айынын соңунда кабыл алынып, бүгүн президент Садыр Жапаров кол койду. Мындай чара ишкерлерди колдоо максатында көрүлдү.
Жоюлган кредиттин суммасы 15 миллион сомду түздү.



