Коом

Коррупцияга каршы Улуу Жеңиш жүз берди. Ширшов эми жоопко тартылабы же суудан кургак чыгабы?

Ачыгын айтканда, Алексей Ширшов эгемен тарыхыбыздагы коррупциянын “символундай” эле болуп калган. Анын миллиондогон каражаттарды уурдап жүргөнү, колдонгон схемалары “ширшовдук схема” аталып, мамлекеттик кантип тоноо боюнча кылмышкерлерге колдонмо курал болуп калганы качан! Бирок, кайсы бийлик келбесин, Ширшов тез эле “ыгын таап”, жазалангандын ордуна ээн-эркин, “колуңардан эмне келет?”- дегенсип гүүлдөгөнү аңызга айланып, баары аны “непотопляемый” дей башташкан.

Садыр Жапаровдун жакшы жагы бар, ал чынында мамлекет үчүн күйгөн лидер болуп чыкты. Буга чейин мына “Кумтөрдү” кыргыз элине кайтаруу убадасында турду. Шайлоого баратып, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш боло турганын жар салды эле. Келгенинен бери бир эле УКМК линиясы боюнча 31 млрд сом жегичтерден өндүрдү, эгемендиктин 21 жылында коррупцияга каршы күрөштөн мынчалык каражат түшпөптүр.

Азырынча, “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов “Аврора Плюс” эс алуу борборунун аймагындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз жол менен чыгарып алуу фактысына байланыштуу каармалды. Кылмыш ишинин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн айрым мамлекеттик жана сот органдарынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып кылмыш жасаганы белгилүү болгон. Бул Ширшовдун кылгандарынын чети гана болсо керек.

Президент Садыр Жапаровдун чечкиндүүлүгү, эрктүүлүгү болбосо Ширшов дагы да “кол тийгис” болуп кутура бермек. Бирок, иш жүзүндө Ширшовдой чоң балыкты кармоо аздык кылат, аны кармаган соң, чыгарып жибербей, жазасын берүү иши турат. Ажонун буга да эрки жетет болуш керек, каматканына караганда. Туш-туштан таасири чоң коррупционердин крышаларынан “коркпой”, аягына чыгарса Садыр Жапаровдун рейтинги дагы да көтөрүлөөрү турган иш!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button