Коом

ВИДЕО: Баткенде милиция кызматкерлери Тажикстан тарапка кирип кеткен малдарды ээлерине кайтарып берди

Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну 30 жаштагы С.С. кароосуз жүргөн 6 баш ири мүйүздүү малдары СМУ тилкеси менен чектешкен Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Чорку айылына 2023-жылдын 8-июль күнү кирип кеткен.


Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 9-июль күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 6 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.

Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button