Коом

ВИДЕО: ИИМдин Атайын багыттагы полкунда 2023-жылдын 6 айы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү

2023-жылдын 11-июль ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда Атайын багыттагы полкунда 2023-жылдын 6 айы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Ыкчам кеңешме Кыргыз Республикасынын Гимн аткаруу менен башталды.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө кызмат башчылары жана бөлүктөрүнүн командирлеринин отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштери боюнча маалымат беришти.

Атайын багыттагы полктун командири милициянын полковниги Майрамбек Имангазиев кызмат башчыларынын жана бөлүк командирлери тарабынан кетирилген бир катар кемчиликтерди белгилеп, аларды тез аранын ичинде жоюну табыштады. Ички иштер министринин орун басары ар бир кызматкер кызматтык тартипти сактоосуна басым жасап кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртууну талап кылды.

Жыйынтыгында полктун командири милициянын полковниги Майрамбек Имангазиев төмөндөгү тапшырмаларды койду: өздүк курамдын негизги багыттын күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоого; жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө бардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонууга, — деп билдирди ИИМдин Атайын багыттагы полкунун  Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button