Коом

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндерге тез жардам көрсөтүү үчүн иштелип жаткан мобилдик тиркеме жакында ишке кирет

Келиндин кулак-мурду кесилген окуядан кийин тиркеме тууралуу ИИМ эске салууну туура көргөн. 

Учурда Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер министрликтери “Кадес” аттуу тиркеме боюнча иштеп жатат. Ал даяр болсо, App Store и Google Play аркылуу жүктөп алууга болот. Тиркемеге өзү жөнүндө толук маалыматты, геолокацияны киргизүү шарт.

Зордук-зомбулукка туш болгон учурда тиркемени ачып, экрандагы баскычты басуу керек. Жардам сурап жатаны ошол замат милицияга түшүп, жакын арадагы кайгуул же милиция кызматкерлери тез арада жөнөтүлөт.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button