Коом

Кыргызстанда алты айда өрттүн кесепетинен 19 адам каза болгон

Кыргызстанда 6 айда 1 миң 662 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 27-июлда өткөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын 6 айында өрттүн кесепетинен 19 адам каза болгондугун билдирди. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 9,5 % азайган.

Ал эми өрт кырсыгынан улам келтирилген материалдык чыгым 718 млн 913 миң сомду түзүп, 3,2 эсеге көп болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button