Саясат

Башкы прокуратура депутат Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн кайрадан макулдук сурады

Башкы прокурор депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн кайрадан макулдук сурап Жогорку Кеңешке кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, регламент боюнча депутаттар 48 сааттын ичинде башкы прокурордун сунушун кароо үчүн комиссия түзүшү керек.

Төрага комиссия түзүү маселесин кезексиз күн тартибине киргизүүнү добуш берүүгө койду. Анын жыйынтыгында 46 эл өкүлү «макул» болсо, экөө «каршы» чыгышты.

Ошентип башкы прокурордун сунушун карай турган депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо жана Динара Ашимова кирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button