Коом

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тактала элек 290 чакырым жер калды

Бул тууралуу бизге министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнөн билдирди. 

Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын узундугу 950 чакырымдан арбыныраак. Буга чейин тараптар 626 чакырым боюнча долбоордук тактоо жасалганы айтылган. 

2021-жылдын май айынан тарта топографиялык топтор кыргыз-тажик чек арасынын 101, 86 чакырымын тактап чыгышкан. Бул күндөрү Душанбеде делегациялардын жетинчи жолугушуусу өтүп жатат, ал 10-августка чейин уланат. 

Мурдараак Коопсуздук кеңешинин катчысы Чолпон-Атада Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолукканда Бишкек тажик тарапка чек ара боюнча сунуш киргизгендигин маалымдаган. Анын айтымына караганда, Кыргызстан алмашууну сунуш кылган татаал тилкелер бар. Иманкулов ал кайсы жерлер экендигин атаган эмес. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button