Коом

Инвестициялык жана технологиялык кызматташуу маселелери Сеулда талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Корея Республикасынын Жасалма интеллект ассоциациясынын өкүлдөрү жана Корея Республикасынын алдыңкы технологиялык компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.

«Кыргызстан кореялык бизнес менен кызматташууну кеңейтүүгө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кызыкдар. Кыргызстан рыногуна чыгууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар болгон компанияларга зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө даярбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кореянын инвестицияларын Кыргызстанга тартуунун келечеги, технологиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле жасалма интеллект, санариптик чечимдер жана заманбап технологиялар жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү улантуу, ошондой эле Кыргызстанга инвестиция тартуу жана алдыңкы кореялык технологияларды киргизүү боюнча келечектүү багыттарды кароо жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button