Коом

Караколдо төрөт учурунда акыреги сынган ымыркай боюнча дарыгер жооп берди

«Кош бойлуу келин бизге 10-августта түшкөн. Диагнозун аныктап, 14-августта операция кылуу пландалган. Тилекке каршы, толгоосу 13үндө таңга жуук башталып калат. Белгилей кетсем, ошол күнү бизде 8 төрөт болгон, анын ичинде оор операциялар да бар болчу. Андан кийин бул келинге келишкенде баланын башы көрүнүп калгандыктан өзүн төрөтүүнү чечишет. Анан төрөтү оор, баланын салмагы чоң болгондуктан акырек сөөгү сынып кеткен», — деди Ысык-Көл бириккен ооруканасынын Төрөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары Рыскан Алдашева. 

Ал министрликтен комиссиялар барып текшерип жатканын, күнөөлүүлөр аныкталса жооп берерин кошумчалады.

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button