Коом

Өзбекстандын президентине жардам сурап кайрылган Оштун тургуну кармалды

Ош шаарынын тургуну Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге видео кайрылуу жазып, шаарга келүүнү суранган. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

«Урматтуу Шавкат Миромоновичке өтүнүчүм бар. Ошко келишиңизди суранабыз. Айласы жок, ачык айтып жатам. Он-Адырга келип тарыхта кала турган иштерди жасасаңыз жакшы болмок. Биз баарын ачык айтып бермекпиз. Бизди ойлошпойт, документ, жол менен иши жок. Улутчулдук чектен ашып кетти. Балким сиз ал жөнүндө билесиз. Бул бүгүнкү күндө болуп жатат», — дейт ал. 

Ош милициясы кайрылуу жасаган адам Амир-Темир кичи шаарчасынын 60 жаштагы тургуну экени аныкталган. «Кайрылуу жарык көргөндөн соӊ ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинип, кайрылуу жасоосунун себептери суралган. Анын кайрылуусунда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо учүн Ош шаарынын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тиешелүү иш чаралар аткарыла баштады. Андан сырткары кайрылуу жолдогон жарандын кайрылуусу, сөздөрү канчалык мыйзамдуу экендигин териштирүү боюнча бир топ иштер аткарылып, тиешелүү экспертизалар дайындалат жана кайрылуу жолдогон жаранга юридикалык баа берилет»,- дешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button