Депутат Эмгек кодексине аномалдуу ысыкта иш күнүн кыскартууну киргизүүнү сунуштады

Медербек Алиев мындай ченем эл аралык практикада, жакынкы Казакстан менен Россияда колдонуларын эске салып, Кыргызстанда мындай норманын бар-жогуна кызыкты.
Эмгек министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев бүгүн сунушталып жаткан Эмгек кодексинде мындай шарт каралбаганын айтты. Ал эми эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директору Чолпонкул Мадьяров жумуш берүүчү коопсуз, ыңгайлуу шар түзүп берүүгө милдеттүү экенин белгиледи.
“Эмгек кодексинде жумуш берүүчү кол алдындагыларга коопсуз шарт түзүп берүүгө милдеттендирилген. 2 жыл мурун аномалдуу ысык болгондо Саламаттык сактоо минитрлиги буйрук чыгарган эле. Анын негизинде жумушчуларды ичүүчү суу менен камсыздоо, 50 жаштан улууларга жумуш күнүн 1 саатка кыскартуу каралган. Бирок бул Эмгек кодексинине кирген эмес”, — деди Мадьяров.



