Коом
Кумтөрдүн өкүлү Ысык-Көлдү сүзүп өттү

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Бактыбек Турусбеков жыл сайын өтүүчү «Issyk-Kul Swim Challenge 2024» иш-чарасына катышты. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Бактыбек Турусбеков 14 чакырым аралыкты сүзүп, бул аракетин Парижде өткөн ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарына катышкан кыргызстандык спортчуларга жана республиканын Эгемендүүлүк күнүнө арнады.



