Колу чыканагынан ылдый кесилген наристенин апасы:«Күнү-түнү ыйлайт, ооруканадан башыбыз чыкпай калды»

Ушул жылдын февраль айында милиция маалымат таратып, Токтогулда ымыркайдын колу чыканагынан ылдый кесилгенин, иш боюнча дарыгерлер сурак бергенин билдирген.
Ымыркайдын апасы ЖМКларга кайрылып, соттук иштер бир нече жолу жылдырып жатканын айтып, күнөлүүлөр жазасыз алсын дейт.
«УУлум 2023-жылдын 7-январында төрөлгөн. 2-февралда балам күнү-түнү ыйлаганынан ооруканага барганбыз. Ал жерде дарыгерлер колуна дары сайып, бинт менен катуу таңып салышкан. Кыязы, медайым туура эмес сайган окшойт. Ошол бинт 13-февралга чейин таңылып турду. 11-февралда ыйлап баштаган. Азыр да дене табы көтөрүлүп, күнү-түнү ыйлайт. Ооруканадан башыбыз чыкпай калды. Уулум кыйналат. Салмак да кошо албай жатат. 8 айлык болгону менен арык болуп жатат. Менин каражатымдын баары баланы дарылоого кетет. Бишкекте квартирада турабыз. Ал эми сот Токтогулда болуп, бир нече жолу жылдырылып жатат. Улам-улам сотко барганга, баланы ал учурда бирөөгө таштаганга шартым да, акчам да жок. Менин талап кылганым, күнөөлүүлөр жазасын алсын. Бул менин тун балам»,— деди ал.
Редакция иш боюнча Жалал-Абад облустук сотуна кайрылганыбызда, буга чейин бир нече жолу соттук отурум болгонун тастыктап, кийинкиси 24-августка белгиленгенин айтышты. «Боло турган соттук отурумда күбөлөр суралат»,- деди басма сөз катчы.
- Токтогул районунун 25 жаштагы тургуну 24-февраль күнү Токтогул райондук прокуратурага арыз менен кайрылып, ал 2023-жылы туулган баласы денесине ар түрдүү нерселер чыгып дене табы көтөрүлгөндүктөн, Токтогул райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө кайрылгандыгын айтып берген. Ооруканада дарыгерлер уулунун колуна туура эмес укол сайышып, анын кесепетинен Бишкек шаарындагы балдар ооруканасында оң колун чыканактан ылдый жагы кесилип, ампутация болгондугун билдирип, Токтогул райондук оорукананын окуяга тиешеси бар дарыгерлерди мыйзам чегинде жоопко тартып берүүнү суранган.
Булак: «Сереп» маалымат агенттиги



