Коом
“Жылдыз” болуп кетпеңиз! Бишкекте таштандыны туура эмес ыргыткандар видеого түшөт

«Тазалык» ишканасы айрым таштанды контейнерлери турган аймактарга видео камераларды орнотту. Алар көбүнчө таштанды мөөнөтүнөн мурда толуп калган же тигүү цехтеринен чыккан жана курулуш калдыктарына толгон жерлерге коюлду. Учурда 19 камера иштеп жатат. Мэрия эреже сактабагандар айыпка жыгыларын эскертти.



