Токтогулда өз жанын кыйган 24 жаштагы келиндин өлүмү боюнча жаңы жагдайлар

Журналист Баяна Кулова келиндин мугалим болуп иштеп келгенин, анын өлүмүнө үй-бүлөлүк басмырлоо себеп болушу мүмкүн экенин, сөөгү жерге берилгенин жазды. «Анан биздин Токтогулдун милициясы тоок өлүп калгансып арыз беришкен жок деп кылмыш ишин козгобой ишти ачпаптыр. Силер кылмыш ишин козгоп, алкынган кайнежелерди ордуна коюуу үчүн дагы канча келин жанын кыйыш керек урматтуу милиция?» — деп жазган ал.
Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматы, ишти жетекчилик көзөмөлгө алганын билдиришти. «Учурда Токтогулдагы өзүн-өзү асып алган факты боюнча Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан өлүмдүн жана бул жолго баруунун себептерин аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат. Милиция бул окуяга кайдыгер эмес жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет. Аталган факты ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө экендигин маалымдайбыз», — дешти.



