Коом

УКМК: Укук коргоо жана жарандык коомдун өкүлдөрү арасында шахмат боюнча “Тилектештик кубогу” турнири өтөт

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан  билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын УКМКсы жана Кыргыз шахмат союзу тарабынан Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү арасында шахмат ышкыбоздорунун “Тилектештик Кубогу” турнири өткөрүлөт.

Турнир интеллектуалдык спортту, анын ичинде шахматты өнүктүрүү жана жайылтууну жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы диалог үчүн бейформал аянтчаны түзүү жана мамилелерди жакшыртуу максатында өткөрүлүүдө.

Иш-чара Бишкек шаары, Манас проспектиси, 16 дарегиндеги Novotel мейманканасында саат 9:00дө башталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button