Саясат

Президент демилгелеген Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого жол берген мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү

Аны 66 депутат колдоп, төртөө каршы болду.

Мыйзам кабыл алынса, Конституциялык соттун чечими президенттин же аталган соттун төрагасынын сунушу боюнча төмөнкү учурларда кайра каралышы мүмкүн: 

▪️ чечим кабыл алууга негиз болгон КР Конституциясынын ченеми өзгөрсө 

▪️ чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса 

 ▪️чечим элдин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе

Учурда Конституциялык соттун өкүмү акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт. 

Буга чейин Кыргызстанда матчествонун айланасында ызы-чуу чыккан. Конституциялык сот кыргызстандыктарга 18 жаштан баштап атасынын атынын ордуна энесинин атына каттоого турууга уруксат берген. Коомдун бир бөлүгү, анын ичинде статс-катчы жана муфтият буга каршы экендигин билдиришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button