Президент жергиликтүү бийликтин эл менен иштөөсүнүн жаңы тартибин бекитти

Башкы прокуратурага элдин укук коргоо органдарынын ишине байланышкан кайрылууларына жана ЖМКлардагы материалдарга туруктуу мониторинг жүргүзүү тапшырылды.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү бийликке жарандар менен иштөөнүн жаңы тартибин киргизген жарлыгында айтылган. Документ мамлекеттик органдардын калк менен байланышын жакшыртууга, кайтарым байланышты күчөтүүгө жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.
Ага ылайык, жергиликтүү бийлик органдары төмөнкү иштерди милдеттүү түрдө жүргүзөт:
-түз телефон байланыштарын уюштуруу;
-көчмө кабыл алууларды өткөрүү;
-коомдук кабылдамаларды түзүү;
-«ишеним телефондорун» үзгүлтүксүз иштетүү;
-санариптик сервистерди өнүктүрүү;
-жарандар менен иштеген кызматкерлердин жоопкерчилигин жана этикасын күчөтүү.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



