Саясат

Эдиль Байсалов Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды

Эдиль Байсалов Америка Кошмо Штаттарындагы Кыргыз Республикасынын элчиси катары Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШ жана Канададагы дипломатиялык өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, ишеним грамоталарын тапшыруунун расмий аземи 21-майда Ак үйдө өткөн.

Эдиль Байсалов Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирип, Кыргызстандын кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө умтуларын тастыктады.

Элчи Кыргыз Республикасы өлкө эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардан бери АКШ көрсөтүп келе жаткан колдоону жогору бааларын белгилеп, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын Борбор Азия жана аймак менен кызматташтыкка дайыма жогору көңүл буруп келатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Дональд Трамп жаңы элчини куттуктап, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин айтты. Ал эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы жылуу байланыштардын маанилүүлүгүн белгилеп, Эдиль Байсаловдун миссиясы Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого салым кошоруна ишеним билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button