Коом
Казакстанда КМШ өлкөлөрүнүн абадан коргонуу боюнча “Күчтүү Шериктештик-2023” машыгуулары өтүүдө

Ага казак күчтөрүнөн тышкары Кыргызстандын аскер контингенти катышууда. Зениттик-ракеталык комплекстердин аскердик экипаждары күжүрмөн даярдык боюнча тапшырмаларды аткара башташты.

Машыгуунун активдүү фазасы 14-15-сентябрда өтөт. Кыргызстандын абадан коргонуу экипаждары “Печора 2БМ” абадан коргонуу системасын колдонот. Ал башкарылган жана учкучсуз абадан чабуул коюучу куралдарды жок кылууга багытталган.
Машыгуунун активдүү фазасына Армения, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын коргонуу ведомстволорунун жана абадан коргонуу күчтөрүнүн өкүлдөрү байкоо салат.



