Окуялар

Бишкекте тогуз айлык наристе ажатканага түшүп кетип чарчап калды

Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн биринде тогуз айлык бала ажатканага түшүп кетип, чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Окуя бүгүн, 12-июнда, Биринчи май районунун Түлөбердиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон.

Маалыматка караганда, үйдүн короосундагы ажатканага 2025-жылы туулган К.С.А. аттуу эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу кабар “112” кыска номерине келип түшкөн.

Окуя болгон жерге беш куткаруучу тартылып, ымыркайдын сөөгүн ажатканадан чыгарышкан.

Куткаруучулар баланын сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button