Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Казакстанда квалификациясын жогорулатышты

КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Астана шаарындагы (Казакстан) Соттук экспертизалар институтунда «Металлдарды жана куймаларды соттук-эксперттик изилдөө» адистиги боюнча кесиптик стажировкадан өтүштү.

Окутууга Материалдарды, заттарды жана буюмдарды криминалистикалык экспертизалоо башкармалыгынын эксперттери Таалайбек кызы Кымбат жана Б. Сыдыкова, ошондой эле Түштүк СЭС башкармалыгынын эксперти А. Матмусаев катышты.

Эки жуманын ичинде адистер казакстандык кесиптештери менен бирге иштешип, металлдарды жана куймаларды изилдөөнүн заманбап ыкмаларын үйрөнүштү жана ар кандай татаалдыктагы эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышышты.

Стажировканын практикалык бөлүгү металлдардын жана куймалардын элементтик курамын аныктоону, баалуу металлдардан жасалган буюмдарды изилдөөнү жана алардын курамынын билдирилген пробага дал келишин аныктоону камтыды. Иште визуалдык жана микроскопиялык изилдөө ыкмалары, ошондой эле рентген-флуоресценттик анализ колдонулду.
Изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоого жана колдонуудагы талаптарга ылайык эксперттик корутундуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Стажировканын жыйынтыгында катышуучулар «Металлдарды жана куймаларды соттук-эксперттик изилдөө» адистиги боюнча сертификаттарды алышты.



