Блогерлер, стартаптар жана креативдүү индустрия 5 жылга салыктан бошотулат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык мыйзамдарындагы алдыдагы өзгөрүүлөр тууралуу пикирин билдирди. Президенттин 2026-жылдын 11-июнундагы жарлыгына ылайык, блогерлерди, стартаптарды жана креативдүү индустрия өкүлдөрүн 5 жылга салыктардан бошотуу сунушталууда.
«Эгер сен жаңы продукт жаратып жатсаң, код жазсаң, кино тартсаң, стартап өнүктүрсөң, креативдүү индустрияда иштесең, блог жүргүзүп интеллектуалдык эмгегиң менен киреше тапсаң — сага бардык мүмкүнчүлүктөр ачылат. Жарат, өс, өнүк. Сен үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мамлекет беш жыл бою калькулятор көтөрүп артыңдан түшпөйт», — деди ал.
Анын айтымында, экономиканын бул багыты жогорку өсүштү көрсөтүп, жаңы жумуш орундарын түзөт, инвестицияларды тартат жана өлкөгө пайда алып келет.
«Негизи, биз экономиканын эң активдүү жана таланттуу бөлүгүнө кайрылып жатабыз: Кыргызстанда калгыла. Бактыңарды башка жактан издебегиле. Өз долбоорлоруңарды ушул жерде түзгүлө. Бул мамлекеттик саясаттагы өтө олуттуу бурулуш», — деп кошумчалады Шыкмаматов.
Ошол эле учурда МСК төрагасы бул маселеде экинчи жагы да бар экенин белгиледи.
«Ак иштеп жаткан адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткан болсок, көп жылдан бери көмүскө схемаларга, контрабандага жана каттоого алынбаган товарларга таянып бизнес жүргүзгөндөр үчүн жакшы күндөр аяктап жатат. Программист менен контрабандачы эми бир катарда турбайт. Жаратман адам менен мыйзамды айланып өтүп акча тапкан адам — эки башка түшүнүк. Мамлекеттин аларга болгон мамилеси да ар башка болушу керек», — деди ал.



