Министрлик эскертет! Өлкөдө 11 өсүмдүк түрүн жыйноого жана сатууга тыюу салынган

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарга жана ишкерлерге өлкөдөгү сейрек кездешүүчү 11 өсүмдүк түрүнө жарыяланган мораторий күчүндө экенин эскертти.
Ведомстводон маалымдашкандай, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык төмөнкү өсүмдүктөрдү жапайы өскөн жерлеринен жыйноого, даярдоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана экспорттоого катуу тыюу салыган:
-макротомия, арнебия, ясенец;
-аконит (уу коргошун), афлатун пиязы, родиола;
-самарканд өлбөс гүлү;
-жөө желимдин түрлөрү (ольга, узун мамычалуу, мамычалуу жана Чимган жөө желими).
Эске сала кетсек, өлкөнүн жаратылыш байлыгын жана экосистемасын сактап калууга багытталган бул чектөө 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот. Эреже бузган тараптар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.



