Коом

Кадамжайда чет өлкөнүн жараны алдамчылыкка шектелип кармалды

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын үч тургуну 2023-жылдын июль айынан бери чет өлкөнүн жаранына пластик эшик терезелерди жасатуу үчүн акча берип, бирок ушул күнгө чейин акчасын же товарын ала албай жүргөндүктөрүн билдирип милицияга арыз менен кайрылган.


Жогорудагы арыздар Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, жабырлануучуларга жалпысынан 104миң сомдук зыян келгендиги аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.


Кадамжай РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, чет өлкөнүн 26 жаштагы Ю.А. аттуу тургуну Бүргөндү айылынан аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button