Коом

Кыргызстандык 229 абитуриент Сибирдеги жогорку окуу жайларга тапшырды

Бул окуу жылында Кыргыз Республикасынан 229 абитуриент Тоолуу-Алтай, Омск жана Томск шаарларындагы жогорку окуу жайларга тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Билдирмеге ылайык, алардын 203ү бюджеттик негизде окууга өткөн.

«Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, Омск шаарындагы консулдун көмөгү менен 200дөн ашык бүтүрүүчү аталган шаарлардагы окуу жайларга өттү. 3-июлдан 7-июлга чейин Кыргызстанда документтерди кабыл алуу жүргүзүлүп, сынак болгон», — деди министрликтен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button