Коом

УКМК: Жайыл районундук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды — ВИДЕО

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан сот тутумундагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү “Опузалап пара талап кылуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарынын негизинде, 2023-жылдын 15-сентябрында Жайыл райондук сотунун кызматтык кеңсесинде 26 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен Жайыл районундук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук соттук аткаруучусу Р.К. кармалды.

Буга чейин, Жайыл районундук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сотттук аткаруучусу Р.К., Кара-Балта шаарында жайгашкан Т.К.аттуу жаранга тийшелүү дүкөндү жана батирди камака алган. Аталган Т.К. аттуу жарандан кыймылсыз мүлктү камакка алуу боюнча аткаруу өндүрүшүнүн алкагында маселени оң тарапка чечип берүү үчүн 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.

Кармалган Р.К. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР УКМКнын Чүй облусттук башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам- тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button