Коом

УКМК: КМШ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Компетенттүү органдарынын “Евразия-Антитеррор – 2023” антитеррордук машыгуулары өттү — ФОТО

2023-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан КМШга мүчө-мамлекеттердин Антитеррордук борборунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин колдоосунда КМШга мүчө жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Компетенттүү органдарынын “Евразия-Антитеррор – 2023” антитеррордук машыгууларынын жыйынтыктоочу этабы (күжүрмөн фазасы) өткөрүлдү.   Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Машыгуулар кээ бир машыгуу тапшырмаларын бир убакта аткаруу, бир ой-максатка жана жагдайга, ошондой эле аларды өткөрүү орду жана убактысы дал келген эки эл аралык уюмдун өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында биринчи жолу өткөрүлдү.

Машыгуунун максаттары:

маанилүү инфраструктуралык объектилерде жана эл көп топтолгон жерлерде террористтик актыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча макулдашылган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө КМШга жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ишин өркүндөтүү;

маанилүү инфраструктура объектилеринде жана эл көп чогулган жерлерде барымтага алынгандарды бошотуу жана террористтерди зыянсыздандыруу боюнча оперативдүү күжүрмөн иш-чараларды өткөрүү боюнча оң тажрыйба алмашуу;

КМШ ТКБ жана ШКУ РТКТ АК ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү эффективдүү моделин түзүү, даярдалып жаткан террористтик актыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча макулдашылган чараларды ишке ашырууда КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин компетенттүү органдарына көмөк көрсөтүү үчүн маалымат алмашуу механизмдерин практикада сыноо.

Машыгууларга КМШга мүчө 11 мамлекеттин жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин – Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдары катышты.

Машыгуунун биринчи этаптары 2023-жылдын 1-июлунан 1-августуна чейин жана 12-сентябрдан 14-сентябрга чейин ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жана КМШга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын катышуусунда болуп өттү, анын алкагында, улуттук аймактарда жамааттык маалыматтык системаларды колдонуу менен маанилүү инфраструктуралык объектилерде жана эл көп чогулган жерлерде террористтик актыларды жасоону пландаштырган шарттуу террористтик топторду аныктоо жана кармоо боюнча машыгуу тапшырмалары аткарылган. КМШ ТКБнын Координациялык штабы менен ШКУ РТКТ Аткаруу комитетинин ортосунда шарттуу террористтер боюнча маалымат алмашуу боюнча тапшырмалар ийгиликтүү аткарылды.

“Евразия-Антитеррор – 2023” машыгуусунун экинчи этабынын алкагында КР УКМКнын, Ички иштер министрлигинин жана Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын бөлүмдөрү тарабынан үч объектиде —  Бишкек шаарындагы ТЭЦтин май куюучу станциясында, транспорттук жана түзөтүү колониясында барымтадагыларды бошотуу жана террористтерди зыянсыздандыруу боюнча антитеррордук ыкчам иш-чара өткөрүлдү.

Антитеррордук операцияны пландаштыруу жана башкаруу боюнча республикалык ыкчам штабдын иши көрсөтүлдү. Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү террордук актынын кесепеттерин жоюу жана азайтуу боюнча чараларды көрүштү. Иш-аракеттер Кыргызстандын компетенттүү органдарынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын натыйжалуу аракеттерин, кризистик кырдаалды жөнгө салууга тартылган министрликтердин бөлүмдөрүнүн жана ведомстволордун аракеттеринин ырааттуулугун көрсөттү.

Машыгуулардын жыйынтыгын чыгарып жатып, делегация башчылары машыгууларды өткөрүү КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин күч-аракеттерин бириктирүүгө жана терроризмге каршы потенциалын чыңдоого багытталган маанилүү кадам болгонун белгилешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button