Казакстанда кыргызстандык жаран мыйзамсыз миграция уюштурган деп шектелүүдө

Казакстандын Жамбыл облусунда мыйзамсыз миграцияны уюштурган канал аныкталып, ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, май айынан июль айына чейин Алматы шаарында жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө Казакстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Кыргызстандын жана Өзбекстандын 10 жараны аныкталган.
Мыйзамсыз миграция каналын уюштурган деп төрт адам — үч казакстандык жана бир кыргызстандык жаран кармалган. Тергөө версиясы боюнча, Кыргызстандын жараны чет өлкөлүк жарандарды Казакстандын чек арасына чейин коштоп барган. Ал эми Казакстан тараптан анын шериктери аларды тосуп алып, кийин Алматы шаарына жеткирип турушкан.
Шектүүлөрдүн баары камакка алынган. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө.



