Дүйнө чемпиондору өлкөгө келишти

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль алган кыргызстандын спортчулары Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков өлкөгө кайтып келди.
Спортчулар менен кошо машыктыруучулары да келишти.Алар отурган учак 26-сентябрдын таңында «Манас» эл аралык аба майданына конду.
Чемпиондорду аэропорттон президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, күрөш федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Эскерте кетсек, 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Анда грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет чемпион аталды.
Ошондой эле Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия утуп алышты.



