Коом
Боом капчыгайындагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Кечээ, саат 13:30да Бишкек-Торугарт унаа жолунун 123-чакырымында Боом капчыгайынын кире беришинде Toyota Tundra жана Ford Galaxy үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Учурда унаалар айып аянтчасына токтотулду. Инспекторлор жол кырсыгынын чоо-жайын тактоодо.



