Ысык-Көлдө 9 килограмм баңгизат менен Чүй облусунун тургуну кармалды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине Ысык-Көл районунун аймагында жергиликтүү тургун мыйзамсыз баңгизат сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн.
Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз баӊгизатын сактаган жарандын өздүгүн жана анын жашаган жерин аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында облустук ички иштер башкармалыгынын жана Ысык-Көл РИИБдин баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөн жарандын өздүгүн аныктоого жетишишкен. Ал, Чүй облусунун 46 жаштагы тургуну, убактылуу Чолпон-Ата шаарында жашап жаткан Д.Б. болуп чыкты.
Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 212-беренесинин (тинтүү жана алып коюу өндүрүшүнүн негизи жана тартиби) негизинде кылмышка шектүү жарандын жашап жүргөн үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада, жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар өсүмдүктөр табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган зат марихуана баңги затына таандык экени аныкталган. Баңги заттын таза салмагы 9 килограмм 427 граммды түзгөн.
Райондук соттун чечими менен шектүүгө карата козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштерин жүргүзүү учурунда бир айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган.
Тергөө иштери уланууда, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.





