Ак-Ордо конушунда өспүрүмдү ур-токмокко алган эки жаран кармалды

Сокулук районунда жаш өспүрүм баланы ур-токмокко алган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-сентябрда Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну 1974-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кайрылып, ушул эле күнү 2007-жылы туулган Ж.А. аттуу уулун себепсиз сабап, денесине жаракат келтирген «Б» аттуу жаранга, анын уулуна жана белгисиз жаранга чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факт Сокулук РИИБине катталып, алдын ала териштирүү учурунда топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза колексинин «Бейбаштык» беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары Кыргызстандын жарандары 1959-жылы туулган М.Э. жана 1964-жылы туулган М.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Учурда тергөө иштери улантылууда.



