Коом

Мобилдик клиника Баткендеги чек арада жайгашкан райондорго жөнөп кетти. График

3-октябрынан 12-октябрына чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УДИ-адистен турган медицина кызматкерлеринин мультидисциплинардык командасы Лейлек районундагы аялдарга жана өспүрүм кыздарга акысыз кеп-кеңеш беришет жана текшеришет. Ал эми 13-21-октябрга чейин мобилдик клиника Баткен районунун алыскы айылдарына барат.

Мобилдик клиниканын Лейлек районундагы сапарларынын графиги:

1. 03-04-октябрь 2023-ж. — Кулунду а/ө- Интернационал айылы – “40 лет Кыргызстана” ат. ОМ (орто мектеп)

2. 05-06-октябрь 2023-ж. — Кулунду а/ө- Кулунду айылы – Кулунду ЖДПБ

3. 09-10 октябрь 2023-ж. – Ак-Суу а/ө- Ак-Суу айылы – Ак-Суу ОМ

4. 11-12-октябрь 2023-ж. – Катран а/ө- Катран айылы – Ата-Журт аянты

Баткен районунда мобилдик клиника Ак-Татыр, Көк-Таш, Боз-Адыр жана Ак-Турпак айылдарына барат.

Мобилдик клиниканын Баткен районундагы сапарларынын графиги?:

1. 13-14-октябрь 2023-ж. – Ак-Татыр а/ө — Ак-Татыр айылы – Ак-Татыр ОМ

2. 16 -17-октябрь 2023-ж. – Ак-Сай а/ө — Кок-Таш айылы – Көк-Таш ОМ

3. 18-19-октябрь 2023-ж. – Суу-Башы а/ө — Боз-Адыр айылы – Боз-Адыр гимназиясы

4. 20-21-октябрь 2023-ж. – Торт-Гул а/ө — Ак-Турпак айылы –№12 ҮДТ

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button