Кадамжайда “Нелегал” рейддик иш-чара учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды

Кадамжай районун аймагында коомдук тартипти сактоо жана иретке келтирүү максатында Кадамжай РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, кайгуул күзөт кызматынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздөө кызматынын кызматкерлери биргеликте Кадамжай РИИБдин жетекчилиги менен жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Район аймагында өткөрүлүп жаткан “Нелегал” рейддик иш-чараларынын алкагында милиция кызматкерлери маршруттук топторго бөлүнүп, район аймагындагы коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн алдын алуу багытында жарандарга, соодагерлерге түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.
Жол кырсыктарынын алдын алуу багытында жеке такси кызматтарына, жүргүнчү ташыган айдоочуларга жол транспорт кырсыгын алдын алуу жана болтурбоо ошондой эле жол белгилерине баш ийип, жол эрежелерин сактоо максатында түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө Орозбеков айыл аймагынын 28жаштагы Э у Бнын мыйзамсыз көтөрүп жүргөн сайлуу ТОЗ-8 жана сайсыз ИЖ-16 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдары алынды. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.



