Коом

Кыргызстанда гепатит, сифилис, кызамык менен ооругандардын саны көбөйдү

2023-жылдын январь-сентябрь айларында гепатит жана сифилис менен ооруганардын саны кескин көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 9 айдын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.

Өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу гепатиттин ар кандай түрү менен ооругандардын саны 2,1 эсеге, сифилиске чалдыккандардын саны 1,4 эсеге өстү.

2023-жылы балдар арасында кызамык күч алды. Өткөн жылдын бул мезгилинде кызамык катталган эмес, быйылы 2 миң киши ооруду.

Ошол эле учурда кургак учук 6,5 пайызга аз катталып, анын 1,2 пайызга Талас облусунда көбөйүшү байкалган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, 9 айда 29 миң бейтап инфекциялык, паразиттик жана сасык тумоо менен кайрылган.

Статистика комитети, биттеп кеткендердин жана котур болгондордун саны азайганын белгилейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button