Коом

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери үчүн саптык кароо өткөрүлдү

2023-жылдын 6-июнунда Ош ШИИБи боюнча МККБнын кызматкерлерине жайкы туристтик сезондун ачылышына байланыштуу саптык кароо өткөрүлдү. МККБнын өздүк курамынын саптык кароо-тескемеси башчы милициянын подполковниги Айбек Джумагулов өзү өткөрдү.

Саптык кароодо милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлеринин кийим-кечеги, кызматтык күбөлүктөрү жана кызматтык унаалардын абалы текшерилип, орун алган кемчиликтерди оңдоо боюнча тапшырмалар берилди.


Аталган иш-чаранын максаты өздүк курамынын саптык даярдыгынын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, кызматкерлердин сырткы үлгүлүү көрүнүшүн жана ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн даярдыгын колдоо.
Башчы тарабынан Ош шаарынын аймагына келген туристтерге сервистик кызмат көрсөтүү жана алардын коопсуздугу боюнча жол, коомдук коопсуздук боюнча бөлүм башчыларга жана командирлерге тапшырмалар берди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button