Коом

Баткен ОИИБдин башчысы Мурат Боронов Лейлек районундагы кызматкерлер менен жолукту

2024-жылдын 14-февраль күнү Баткен ОИИБдин башчысы милициянын генерал-майору Мурат Боронов Лейлек РИИБдин өздүк курамына Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясындагы протоколдук тапшырмаларды жеткирип, Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн курулушу менен таанышты.

Чек ара аймактарында кызмат өтөгөн милиция кызматкерлеринин жүрүм-туруму тыкан, жарандарга сылык мамиле жасоо, аткезчилик менен коорупциялык көрүнүштөрдөн оолак болуусун эскертип, катуу тапшырмаларды койду.
   Ал эми кызматкерлер арасындагы мыйзамга каршы иш-аракеттер, арызданып келген жарандардын арыздары өз убагында катталып, кылдат текшерилүүсү, милициянын көчмө кабылдамасы менен элге сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүү жагын жандантууну, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери мыйзамдуу иш алып баруусун белгиледи.
    Лейлек район аймагында коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тыгыз иш алып барууда үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу чоң натыйжа берерин айтып, ишти жандантууну тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button