Коом
Бишкектеги №33 мектепте бомба изделип жатат

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, мектеп имаратында бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына бүгүн саат 12:19да түшкөн.
Жерине кечиктирилбестен Свердлов райондук милициясынын ыкчам-иликтөө тобу барып, мектептин аймагы курчоого алынган.
Мектеп окуучулары жана мугалимдер эвакуацияланды. Учурда жеринде ИИМдин кинологдору иш алып барууда.



