Дүйнө
Кытайда эл карантиндин аяктаганын кубануу менен кабыл алып, майрамдашты

Кытайдын Шанхай шаарында карантиндин аякташын салют жана майрамдар менен тосуп алышты.
Ал түнү миллиондогон шаар тургундары уктабай, бүтүндөй пандемиядагы эң катаал деп аталган чектөөлөр алынганын белгилешти. Көчөлөрдө музыка жаңырып, унаалар сигнал берип, фейерверктер атылды.
Миңдеген жарандар кафе, дүкөндөргө келишти. Көбүнчө зыяратчылардын агымы чач тарачтарга болду. Эске салсак, май айында коронавируска байланыштуу бийлик кескин чараларды көргөн. Бардык жайлар жабылып, жарандарга үйлөрүнөн чыгууга катуу тыюу салынган.
Абалды аскер кызматкерлери, коргоочу костюмдарды кийген адистер катуу көзөмөлгө алышкан.



