Коом
Биринчи жолу Эмгек министрлиги Орозо айт менен Курман айттын датасын эрте айтты

Министрлер кабинетинин 2024-жылдын дем алыш күндөрү жөнүндө токтомунун долбоорунда 10-апрелди (Орозо айт) жана 17-июнду (Курман айт) эс алуу күн катары белгилөө сунушталууда.
Муфтият Орозо айы кайсы күнү баштала турганы азырынча белгисиз экенин айтты. (Бардыгы Айдын жаңырышынан көз каранды. Рамазан бир күнгө жылып башталып калышы мүмкүн).
Белгилей кетсек, кээ бир мамлекеттердин (мисалы, Түркия, Казакстан жана башкалар) муфтияты Орозо айт жана Курман айт качан башталарын алдын ала айтышат.



