Коом
Кеминдеги «Апамдын каттамасы” көчүрүлөт

Эми Кеминдин Чолок айылында брендге айланган каттамалар Ак-Мөөр тилкесинде сатылышы мүмкүн. Көчүрүүгө 1-мартка чейин убакыт берилди.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы ал кафелер поезд жолго жакын (6 метр аралыкта) кооптуу жерде жайгашканын билдирди. Андан сырткары санитардык эрежелер сакталбай, газ баллондорду коюп, темир жолдун жанына автоунааларын токтотуп, балдары ойноп чыккан учурлар болору белгиледи.
Сүйлөшүүгө жергиликтүү бийлик да аралашып, бир мунасага келишкени айтылды.



