Коом

Баткенде милиция кызматкерлери муктаж үй-бүлөлөргө жардам беришти

Лейлек РИИБдин башчысынын демилгеси менен милиция кызматкерлери райондогу калктын аярлуу катмарлары жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктап, жерине барып кабар алды. Милиция кызматкерлери жалпысынан 8 үй-бүлөгө азык-түлүк жагынан жардам берип, алардын жашоо-шарттарынан кабар алды.


Ошондой эле, Кадамжай РИИБдин Айрыбаз айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысынын демилгеси менен айылдык милиция бөлүмчөсү тейлеген аймактагы калктын аярлуу катмарлары болгон майыптардан кабар алды. Жылпысынан 5 үй-бүлөгө барып, жардамга муктаж 7 кишиден кабар алып, алардын ден соолугун сурап, демилегелеп алып барган азык-түлүктөрүн берип кайтышты.


Милиция кызматкерлери бул саамалыкты жыл сайын улап, муктаж үй-бүлөлөргө жардам колун сунуп келишет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button